# 15-берене. Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901); 29.04.2025 [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 90 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/230026486); 28.02.2025 [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272); 19.02.2025 [Закон КР от 19 февраля 2025 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022675); 06.12.2024 [Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011449); 19.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 19 марта 2024 года № 71 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230003165); 27.12.2023 [Закон КР от 27 декабря 2023 года № 213 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000438); 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 165 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112658)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=35657..44954>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 15-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-15

---

Иштин төмөнкү түрлөрү лицензияланууга тийиш:

1) электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейин кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын кандай болбосун булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү жана микрогенерациялоочу объекттерден электр энергиясын сатууну албаганда);

2) жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын кандай болбосун булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү албаганда);

3) өсүмдүктүн чийки затынан биоэтанолду өндүрүштүк көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну албаганда, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү;

4) жаратылыш газын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу;

5) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү;

6) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң сатуу);

7) жеке менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдары жана жеке ишкерлер (жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында, же болбосо жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медицина кызматкерлеринин ишин кошпогондо) тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык иш;

8) фармацевттик иш: дары каражаттарын өндүрүү, медициналык буюмдарды өндүрүү, дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды дүңүнөн сатуу (дистрибуция), дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды ташып келүү (импорттоо), дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды чекене сатуу, дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды даярдоо, саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды сактоо жана берүү;

9) ветеринардык дары-дармек каражаттарын өндүрүү (даярдоо) жана сатуу;

10) (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11) телекоммуникация операторунун иши;

12) почта байланышы жаатындагы иш;

13) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

131) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

14) (КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

15) шаар куруу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын (I, II, III категориядагы объекттердин) долбоордук-изилдөө иштери;

16) жеке турак үйлөрдү (I, II, III категориядагы объекттерди) куруудан тышкары курулуш-куроо иштери;

17) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу;

18) автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташуулар;

19) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

20) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

21) суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташуу;

22) ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык банктык операцияларды жүргүзүү;

23) кредиттик союздардын иши;

24) микрокаржылык компаниялардын иши;

25) күрөөканалардын иши;

26) чет өлкөлүк накталай валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;

261) кредиттик бюронун иши;

262) турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши;

27) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм тутумдары аркылуу өзүнүн ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана эсептерди жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;

28) бул процессингдик, клирингдик борбордун төлөм тутумунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептери боюнча каржылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;

29) (КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

30) (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

301) оюн-зоок иши;

31) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, ошондой эле радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчекаралык), сактоо, пайдалануу, көмүү, жок кылуу жана утилдештирүү;

32) аскердик багыттагы продукцияларды иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу (курал-жарак, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик багыттагы продукцияларга кирген аскердик-техника жаатындагы маалыматтар) жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөр (курал-жарактарды, аскердик техниканы оңдоо, модернизациялоо, утилизациялоо, ошондой эле аларды ташуу, берүү жана сактоо боюнча иштер);

33) (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

34) жарылуучу заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатуу;

35) куралдарды жана ок-дарыларды жасап чыгаруу, оңдоо, сатуу;

36) баңги заттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгаруу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода жүргүзүү жана бөлүштүрүү;

37) адвокаттык иш;

38) жеке нотариалдык иш;

39) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтомо менен камсыздандыруу;

40) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу өзүн ыктыярдуу камсыздандыруу;

41) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу;

42) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу;

43) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү;

44) кайра камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга кирүүчүлөр;

45) мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун иши;

46) баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруу;

47) баалуу кагаздар рыногундагы брокердик иш;

48) баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү;

49) баалуу кагаздардын рыногундагы депозитардык иш;

50) баалуу кагаздар рыногундагы дилердик иш;

51) инвестициялык фонддун иши;

52) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу;

53) (КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

54) банкроттук процессинин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун иши;

55) өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, куроо, жөндөө жана оңдоо, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүү, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун баалоо, өрттөрдүн чыгуу себептерин аныктоо;

56) билим берүү иши (жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан; өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынан; автомектептердин жана тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын ишин кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынан тышкары);

57) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү куралдардын жана аскер техникасынын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импорту, экспорту;

58) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү, Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарлардын импорту, экспорту, реэкспорту;

59) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

60) (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

61) бир тараптуу тартипте убактылуу лицензиялоо киргизилген товарлардын импорту, экспорту;

62) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн иши.

63) лизинг иши;

64) камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу такафул исламдык принциби боюнча камсыздандыруу;

65) камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аралаш камсыздандыруу;

66) камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу.

(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015-жылдын 28-майындагы № 122, 2016-жылдын 28-июнундагы № 91, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2017-жылдын 10-майындагы № 79, 2017-жылдын 23-майындагы № 84, 2017-жылдын 2-августундагы № 167, 2019-жылдын 18-июлундагы № 89, 2021-жылдын 18-июнундагы № 72, 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124, 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143, 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2022-жылдын 6-июнундагы № 42, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 213, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2024-жылдын 29-июлундагы № 151, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2025-жылдын 19-февралындагы № 41, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-16)
