# 13-берене. Лицензиялоо жөнүндө маалыматтардын ачыктыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 13-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-13

---

Лицензия берүүчүлөрдүн расмий сайттарында ачык жеткиликтүүлүк үчүн төмөнкүлөр жайгаштырылат:

1) лицензиялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тексттери;

2) лицензияларды жана уруксаттарды берүү, кайра жол-жоболоштуруу, токтотуу жөнүндө арыздардын формалары;

3) лицензия алуу арызына тиркеле турган документтердин тизмеси жөнүндө, арыздарды кароо мөөнөттөрү, арыздарды кароону аткаруучулар (фамилиясы, аты, атасынын аты, иш телефону, электрондук дареги), лицензиялоочу органдын иш убактысы жана анын аймактык бөлүмдөрү тууралуу жетишээрлик маалыматтар;

4) лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-12)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-131)
