13-берене. Лицензиялоо жөнүндө маалыматтардын ачыктыгы
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 1-глава
Лицензия берүүчүлөрдүн расмий сайттарында ачык жеткиликтүүлүк үчүн төмөнкүлөр жайгаштырылат:
1) лицензиялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тексттери;
2) лицензияларды жана уруксаттарды берүү, кайра жол-жоболоштуруу, токтотуу жөнүндө арыздардын формалары;
3) лицензия алуу арызына тиркеле турган документтердин тизмеси жөнүндө, арыздарды кароо мөөнөттөрү, арыздарды кароону аткаруучулар (фамилиясы, аты, атасынын аты, иш телефону, электрондук дареги), лицензиялоочу органдын иш убактысы жана анын аймактык бөлүмдөрү тууралуу жетишээрлик маалыматтар;
4) лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери.
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>