# 12-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2025 [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272); 21.01.2022 [Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/112344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=27305..28784>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 12-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-12

---

1. Лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри (мындан ары - реестр) берилген лицензиялардын жана уруксаттардын бар экендигин жана алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз булак болуп саналат.

2. Лицензиялар жана уруксаттар реестрге киргизилет. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Реестр төмөнкүлөрдү камтыйт:

- куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан берилген лицензияларды жана уруксаттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасында берилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган чет мамлекеттердин лицензия берүүчүлөрү тарабынан берилген бардык лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды;

- маалыматтык бөлүктү.

4. Берилген лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин;

2) юридикалык жактын толук жана (эгерде бар болсо) кыскартылган аталышын, анын ичинде фирмалык аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, юридикалык дарегин;

3) жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын жашаган жерин, анын ким экендигин тастыктоочу документтин маалыматтарын, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номерин;

4) иштин лицензиялануучу түрүн;

5) ишти жүзөгө ашыруу аймагы жөнүндө маалыматтарды (эгерде аймактык жактан чектелген болсо);

6) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүн;

7) лицензия жана (же) уруксат берилген датаны жана каттоо номерин;

8) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруунун жана кайра жаңылоонун негизин жана мөөнөтүн;

9) лицензияны жана (же) уруксатты токтотуунун негизин жана датасын.

5. Маалыматтык бөлүк төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү лицензиялардын жана уруксаттардын тизмегин;

2) лицензияны жана уруксатты алуу тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актылардын тизмегин жана ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди;

3) лицензияларды жана уруксаттарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин;

4) лицензияларды жана уруксаттарды алууга арыз ээлерине карата талаптарды;

5) лицензияларды жана уруксаттарды алууга арыздарды берүү жана кароо жол-жоболорунун сыпаттамасын;

6) лицензияларды жана уруксаттарды берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди;

7) лицензиялоочу органдардын чечимдерин даттануу жол-жоболорунун сыпаттамасын;

8) лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү, даттанууларды кароону жүзөгө ашыруучу органдардын, анын ичинде региондук бөлүмдөрдүн аталышын, жайгашкан жерин жана иштөө режимин;

9) мамлекеттик алымды төлөө өлчөмүн жана тартибин;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды.

Маалыматтык бөлүктү түзгөн маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле үзгүлтүксүз жаңыланышы лицензиялоону жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан камсыз кылынат.

6. Эгерде "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача белгиленбесе, лицензиялардын жана уруксаттардын реестринде камтылган маалыматтар ачык болуп саналат.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-13)
