# 10-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 10-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-10

---

1. Ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияларды жана (же) уруксаттарды башка жакка берүүгө тыюу салынат.

2. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жүзөгө ашырылышы үчүн лицензиясы жана (же) уруксаты бар иш Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагында берилген лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу башка мамлекеттердин аймактарына жайылтылат, ал эми башка өлкөлөрдүн аймагында берилген лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын аймагына жайылтылат.

Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасы бир тараптуу тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонууну таанышы мүмкүн. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ал лицензия алуучунун арызы боюнча узартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-11)
