# КР 2013-жылдын 18-октябрындагы № 193 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 18-октябрындагы № 193 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4938/edition/1197017/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205056.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 18-октябрындагы № 193 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205056

---

КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2013-жылдын 18-октябры № 193

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205056/st-1)

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 85-беренеде:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «1. Мыйзам долбоорлору боюнча биринчи жана экинчи окууларда добуш берүү аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт. Мыйзам долбоорлору боюнча үчүнчү (төртүнчү) окууда добуш берүү ар бир бейшембинин экинчи жарымында, Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт.»; 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү алып салынсын.

2. 86-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Мыйзам долбоорлоруна таандык болбогон маселелер боюнча добуш берүү, аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт, мында чечүүчү добуш укугун (мындан ары - добуш берүү укугун) өткөрүп берүүгө жол берилет.».

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205056/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
