# КР 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толдуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толдуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4937/edition/977000/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толдуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205055

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 1-ноябры № 198 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толдуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205055/st-1)

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 64-статьянын 1-бөлүгү «квалификациясы) документи» деген сөздөрдөн кийин «;18 18 жашка чейинки курактагы адамдарды тарбиялоо, окутуу жана тейлөө менен байланышкан иштерде иштөөсү үчүн соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкатты» деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205055/st-2)

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205055/st-3)

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
