# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205051)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-ноябры № 239 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205051/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4936/edition/468600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205051/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу, 1-берене (20.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205051/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 340-статьяда:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "340-статья. Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу";

1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу, төмөндөгү учурларда:"; 3-пунктчанын биринчи абзацы ", эгерде ал аракеттер жазыктык жазалоо жосунунун белгилерин камтыбаса" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 594-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ага карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүзөгө ашырылып жаткан адам, администрациялык укук бузуу менен дене боюна, мүлктүк же моралдык зыян келтирилген жабырлануучу жогору турган органга (жогору турган кызмат адамына) же сотко даттануу бере алат."; 2-пункт "иши боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун чаралары колдонулган адамдын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жабырланган тараптын кызыкчылыгында" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205051/st-2)
