1-берене
Күчүн жоготкон · 20.11.2008 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 340-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "340-статья. Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу";
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу, төмөндөгү учурларда:"; 3-пунктчанын биринчи абзацы ", эгерде ал аракеттер жазыктык жазалоо жосунунун белгилерин камтыбаса" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 594-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ага карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүзөгө ашырылып жаткан адам, администрациялык укук бузуу менен дене боюна, мүлктүк же моралдык зыян келтирилген жабырлануучу жогору турган органга (жогору турган кызмат адамына) же сотко даттануу бере алат."; 2-пункт "иши боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун чаралары колдонулган адамдын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жабырланган тараптын кызыкчылыгында" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 20.11.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205051/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>