# КР 2008-жылдын 20-ноябры № 239 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 20-ноябры № 239 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4936/edition/468600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 20-ноябры № 239 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (20.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205051

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 20-ноябры № 239

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205051/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 340-статьяда:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "340-статья. Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу";

1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу, төмөндөгү учурларда:"; 3-пунктчанын биринчи абзацы ", эгерде ал аракеттер жазыктык жазалоо жосунунун белгилерин камтыбаса" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 594-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ага карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүзөгө ашырылып жаткан адам, администрациялык укук бузуу менен дене боюна, мүлктүк же моралдык зыян келтирилген жабырлануучу жогору турган органга (жогору турган кызмат адамына) же сотко даттануу бере алат."; 2-пункт "иши боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун чаралары колдонулган адамдын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жабырланган тараптын кызыкчылыгында" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205051/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
