10-3-статья. өзүнө таандык болушу мүмкүн болбогон кыймылсыз мүлк объектине адамдын менчик
Күчүндө · 11.10.2013 редакциясы
укугунун токтотулушу
Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын аймагында жайгашкан жана жарандык мыйзамдардын ченемдерине ылайык ага ээлик кылууга укугу жок адамдын менчигине таандык болуп калган кыймылсыз мүлк объекта ага менчик укугу пайда болгон учурдан тартып бир жылдын ичинде менчик ээси тарабынан өзүнүн ээлигинен ажыратылууга тийиш. Ээликтен ажыратуу ушул Мыйзамдын 10 -статьясынын эрежесин сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Кыймылсыз мүлк объекти ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө менчик ээси тарабынан ээликтен ажыратылбаган учурларда, бул объект анын мүнөзүн жана арналышын эске алуу менен, кызыкдар мамлекеттик органдын арызы боюнча чыгарылган соттун чечими боюнча анын сот тарабынан аныкталган наркын мурдагы менчик ээсине телеп берүү менен мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүгө жатат. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объектин менчик ээсинен мажбурлап алып коюуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жол берилет.".
Берененин тексти 11.10.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205050/st-10-3" title="10-3-статья - "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кенилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>