# 10-2-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын кыймылсыз мүлк объекттерине

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кенилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205050)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 11-октябрындагы № 190 ""Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кенилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 190
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205050/st-10-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4935/edition/477848/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кенилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 10-2-статья (11.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205050/st-10-2

---

карата укуктар

Кьргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мулк обьекттери мамлекеттик менчик болуп саналат жана мамлекеттен ажыразууга жана менчиктештирүүгө жатпайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүп берүүгө тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурда менчикке берилген кыймылсыз мүлк объекттеринин менчик ээлери аларды ээликтен ажыратууга же башкача түрдө аларды сатып алуу учун жактардын чектелбеген чөйрөсүнө сунуш кылууга, ошондой эле аларга ээлик кылуу, пайдалануу жана тескее боюнча өзүнүн укугун өткөрүп берүүгө, күрөөгө коюуга жана аларды башка ыкмалар менен оордотууга укуксуз. Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан сатылуучу кыймылсыз мүлк обьекттерин менчик ээлери менен макулдашылган баа боюнча сатып алуунун өзгөчө укугуна ээ.

---

Мурунку берене: [10-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205050/st-10-1)  
Кийинки берене: [10-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205050/st-10-3)
