# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1501/edition/597238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (07.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20505

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-октябры № 116 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 407 буйругу менен Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Карагулов Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин орун басары болуп дайындалды. Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2014-жылдын 25-сентябрындагы № 267-б буйругу менен Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөтүнүн башчысы Акматов Д.Н., Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 243-р буйругу менен Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы Манапов А.К. өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат ордуларынан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-сентябрындагы № 108 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо талапкерлер катталбагандыгына байланыштуу өткөрүлгөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 24-октябрына саат 10-00 дайындалсын.

2. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 21-октябрына саат 10-00 дайындалсын.

3. Москва, Өзгөн, Жайыл, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 116 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн ГРАФИГИ

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы

Чүй облусу

Москва району

1

Предтеченка

24.10.2014-ж., саат 10-00

Ош облусу

Өзгөн району

2

Чангет

24.10.2014-ж., саат 10-00

Чүй облусу

Жайыл району

3

Кызыл-Дыйкан

24.10.2014-ж., саат 10-00

Кайра шайлоо

Нарын облусу

Ак-Талаа району

4

Тоголок-Молдо

21.10.2014-ж., саат 10-00
