# 1-берене

- Документ: ["Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205040)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 12-октябрындагы № 191 ""Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 июля 2014 года № 135 "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205040/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4934/edition/562664/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205040/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу, 1-берене (14.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205040/st-1

---

«Адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2000-ж., № 2, 105-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 9-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Адвокаттык иш менен алектенүүнү каалаган жана адвокаттык практикада, прокуратурада, укук коргоо органдарынын тергөө бөлөлүмдөрүндө, сотто, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын юридикалык бөлүмдөрүндө жана аларды аткаруучу ишинин профили милдеттүү түрдө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын бөлүмдөрүндө беш жылдык стажы бар адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогорку юридикалык билими бар депутаттарына лицензия сынаксыз берилет.».

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205040/st-2)
