# КР 2013-жылдын 12-октябрындагы № 191 ""Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 12-октябрындагы № 191 ""Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205040>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4934/edition/562664/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205040.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 12-октябрындагы № 191 ""Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (14.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205040

---

КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 12-октябры № 191

«Адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205040/st-1)

«Адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2000-ж., № 2, 105-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 9-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Адвокаттык иш менен алектенүүнү каалаган жана адвокаттык практикада, прокуратурада, укук коргоо органдарынын тергөө бөлөлүмдөрүндө, сотто, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын юридикалык бөлүмдөрүндө жана аларды аткаруучу ишинин профили милдеттүү түрдө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын бөлүмдөрүндө беш жылдык стажы бар адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогорку юридикалык билими бар депутаттарына лицензия сынаксыз берилет.».

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205040/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
