# КР 2008-жылдын 28-июлу № 177 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 28-июлу № 177 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 177
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205032>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4932/edition/466021/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205032.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 28-июлу № 177 "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205032

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 28-июлу № 177

Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205032/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьяда:

статья төмөнкү мазмундагы алтынчы - он үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "жетим балдар - ата-энесинин экөө тең (же ата-энесинин бири) каза болгон, он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар; ата-энесинин камкордугусуз калган балдар - төмөнкүлөргө байланыштуу ата-энесинин биринин же экөөсүнүн тең камкордугусуз калган он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар:

- ата-энелеринин жоктугу же алардын ата-энелик укуктарынан ажырагандыгы, алардын ата-энелик укуктарынын чектелгендиги, ата-энелерин дайынсыз жок, жарамсыз (жарамдуулугу чектелген) деп таануу, алардын дарылоо мекемелеринде болуулары;

- ата-энелерин каза болду деп табуу;

- эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, кылмыш жасагандыгынан шектелип жана айыпталып кайтарууда кармалуучу жерлерде болуу;

- балдарын тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон ата-энелердин баш тартуусу;

- тарбиялоочу, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык жактан коргоочу мекемелерден жана башка ушундай мекемелерден өздөрүнүн балдарын алуудан ата-энелердин баш тартуусу;

- жана белгиленген тартипте баланы ата-энелеринин камкордугусуз калган деп тааныган башка учурларда;";

алтынчы - жыйырма төртүнчү абзацтар тийиштүүлүгүнө жараша он төртүнчү - отуз экинчи абзацтар деп эсептелинсин.

2. 4-статьянын алтынчы абзацында "ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар" деген сөздөрдөн кийин "(ата-энеси) жана өтө кыйын же оор турмуштук кырдаалда калган башка балдар"; деген сөздөр менен толукталсын.

3. 6-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Социалдык жактан тейлөө тармагындагы мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленет.".

4. 7-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- үй-бүлөлүк балдар үйү.".

5. 11-статьяда:

1-бөлүктүн он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ата-эненин багуусунан ажыраган жана жетим балдар социалдык жардамга;" 2-бөлүгүндөгү "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

" -социалдык коштоо.".

7. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21-статья. Өтө кыйын турмуштук кырдаалда калган жетим жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга кошумча социалдык жардам

Өтө кыйын турмуштук кырдаалда калган балдар төмөнкүдөй түрдөгү социалдык жардамдарга укуктуу:

- социалдык жактан тейлөөнүн адистештирилген уюмдарында жашоого жана акысыз социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;

- камкорчуларды, асырап алуучу ата-энелерди жана фостердик үй-бүлөлөрдү издөөдө социалдык кызматтарга көмөк көрсөтүүгө;

- билим алууга жана кесипке ээ болууга;

- материалдык жардам алууга;

- ден соолугун чыңдоо жана жайкы эс алууну уюштурууга көмөк көрсөтүүгө;

- юридикалык жардамга;

- консультация алууга, жекече алдын алуу иштерин жүргүзүүгө.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205032/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
