# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 114 "2014-жылдын 14-сентябрындагы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 114 "2014-жылдын 14-сентябрындагы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1499/edition/585426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 114 "2014-жылдын 14-сентябрындагы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (26.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20503

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-сентябры № 114

2014-жылдын 14-сентябрындагы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 26-июлундагы №146 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2014-жылдын 14-сентябрында өткөрүлгөн. Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыгына байланышкан арыздар, даттануулар түшкөн эмес. Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдордун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.

2. Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын.

4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 114 токтомуна тиркеме

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын тизмеси

Нарын облусу Жумгал району Көк-Ой айылдык кеңеши 9 мандаттуу “Көк-Ой” шайлоо округу боюнча

№

Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты

Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны

1.

Кылычбек уулу Дастан

277

2.

Кыргызбаев Мурат Султанбекович

275

3.

Бердигулова Элмира Самаровна

272

4.

Кудайбергенов Бакыт Асанканович

271

5.

Асаналиев Автандил Букардинович

263

6.

Моңошов Зарылбек Суйдуевич

251

7.

Борушов Жоробек Омурканович

242

8.

Омукеев Мурадил Кочорбаевич

240

9.

Жапаров Афтандил Карыбекович

238

2 мандаттуу “Эмел-Арал” шайлоо округу боюнча

1.

Акылбеков Чынарбек Асанбекович

99

2.

Өмүров Ынтымак Тыныбекович

88
