# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 112 "2014-жылдын 11-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 112 "2014-жылдын 11-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1497/edition/585049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 112 "2014-жылдын 11-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (26.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20501

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-сентябры № 112

2014-жылдын 11-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2014-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 28-августундагы № 105 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлдү. Түп аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 11-сентябрындагы Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Түп аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилсин.

1.2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Джапаев Асан Кадырович табылсын.

2. Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
