# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 27-августундагы № 105 "Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 27-августундагы № 105 "Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1490/edition/577130/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 27-августундагы № 105 "Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (28.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20494

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ

2014-жылдын 27-августу № 105 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 100 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо талапкерлер катталбагандыгына байланыштуу өткөрүлгөн жок. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 11-сентябрына саат 10-00 дайындалсын.

2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
