# Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-майындагы № 226 ""Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-майындагы № 226 ""Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204913>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16235/edition/488380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204913.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-майындагы № 226 ""Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому (17.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204913

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 17-майы № 226 "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ченемдик-укуктук актыларын тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 20-статьясын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө" жобо бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте түзүмдү жана штаттык расписаниени иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

М.А. Аманкулов
