# Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 49 "Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 49 "Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204907>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16230/edition/1261780/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204907.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 49 "Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (31.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204907

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы № 66 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-ноябры № 49 Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-беренесинин 3 бөлүгүнө жана 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарынын аймагында төмөнкү салыктар ишке киргизилсин:

а) мүлккө салык;

б) жер салыгы.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды тескөө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылсын.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (М.А. Исмаилов) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

М.А. Аманкулов
