# Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын-6-июнундагы № 29 "Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын-6-июнундагы № 29 "Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204905>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16229/edition/701139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204905.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын-6-июнундагы № 29 "Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204905

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын-6-июну № 29 Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу административдик-аймактык түзүлүшү жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомство аралык комиссия жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, ошондой эле топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу маселелерин тартипке келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө" жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Бишкек шаарынын мэриясы бир айлык мөөнөттө өз чечимдерин бул жобого ылайык келтирсин.

3. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

А. Кайыпов
