# Бишкек шаардык кеңештинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 "Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңештинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 "Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204901>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16227/edition/701155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204901.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңештинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 "Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө" токтому (29.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204901

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2012-жылдын 28-декабры № 2

Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин Регламенти бекитилсин (тиркелет).

2. Бишкек шаардык кеңештин фракциялары 2013-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө кабыл алынган Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жазуу жүзүндө киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Бишкек шаардык кеңештин 2005-жылдын 17-майындагы № 37 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө" токтому;

- Бишкек шаардык кеңештин 2005-жылдын 18-августундагы № 96/1 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 17-майындагы № 37 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 184 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 17-майындагы № 37 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-октябрындагы № 7 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 17-майындагы № 37 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 25 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 279 "Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары жана регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Председатель Бишкекского городского кенеша

М. Аманкулов
