# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 99 "2014-жылдын 4-, 23-июлунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 99 "2014-жылдын 4-, 23-июлунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20488>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1484/edition/571261/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20488.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 99 "2014-жылдын 4-, 23-июлунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (05.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20488

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 5-августу № 99

2014-жылдын 4-, 23-июлунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2014-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 17-июнундагы № 79 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук, 2014-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы № 88 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү. Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 4-июлундагы Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөт башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилсин.

1.2. Кушчубаев Саруубек Тынычбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

2. 2014-жылдын 23-июлундагы Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөт башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилсин.

2.2. Турсункулов Кутманбек Эшмаматович Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

3. Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төраганын ыйгарым Укуктарын аткаруучу

А. Шайымкулова
