# Сулукту шаардык кеңешинин 2013-жылдын 24 – декабрындагы № 57 "Сулукту шаардык кеңештин аймагындагы жер жана 1,2,3 группадагы мүлк салыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сулукту шаардык кеңешинин 2013-жылдын 24 – декабрындагы № 57 "Сулукту шаардык кеңештин аймагындагы жер жана 1,2,3 группадагы мүлк салыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204815>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16141/edition/510499/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сулукту шаардык кеңешинин 2013-жылдын 24 – декабрындагы № 57 "Сулукту шаардык кеңештин аймагындагы жер жана 1,2,3 группадагы мүлк салыктары жөнүндө" токтому (24.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204815

---

СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин VIII сессиясынын (бешинчи чакырылышы)

2013-жылдын 24 – декабры № 57 Сулукту шаардык кеңештин аймагындагы жер жана 1,2,3 группадагы мүлк салыктары жөнүндө Сулукту шаардык кеңешинин аймагында Кыргыз Республикасынын жер жана 1,2,3 группадагы мүлк салыктарын жүргүзүү жөнүндө Сулукту шаардык мамлекеттик салык башкармалыгынын 22-октябрь 2013-жылкы № 033/06/1118 каты жөнүндө шаардык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдүрүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунун, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде депутаттардын Сулукту шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын жер жана 1,2,3 группадагы мүлк салыгын жүргүзүү депутаттардын Сулукту шаардык кеңешине өткөрүлсүн.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды башкаруу, жүргүзүү Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин ченеминде Сулукту шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

3. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматына жөнөтүлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.

Сулукту шаардык кеӊешинин төрагасы

К. Исмаилов
