# Сулукту шаардык кенешинин 2013-жылдын 24 – декабрындагы № 27 "Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сулукту шаардык кенешинин 2013-жылдын 24 – декабрындагы № 27 "Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204814>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16140/edition/510497/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сулукту шаардык кенешинин 2013-жылдын 24 – декабрындагы № 27 "Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому (24.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204814

---

СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 24 – декабры № 27 Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө Депутаттардын Сулукту шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлунда кабыл алынган № 241 «Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184-токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү типтүү жобосуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүүзү тартиби жөнүндө Жобосуна жана 2013жылдын 10-июнундагы № 327 токтому менен киргизилген толуктоолордун негизинде депутаттардын Сулукту шаардык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинин токтомдору кыргыз Республикасынын мамлекетттик тилинде кабыл алынсын.

2. Депутаттардын Сулукту шаардык кенешинде кабыл алынган токтомдор шаардык кенешинде каттоого алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сулукту шаардык кенешинин жоопту катчысынын милдетин аткаруучу Г. Эрназаровага жүктөлсүн.

Сулукту шаардык кеӊешинин төрагасы

К. Исмаилов
