# Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-июлундагы № V-1 "Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө"

- Толук аталышы: Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-июлундагы № V-1 "Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: V-1
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204796>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16122/edition/495166/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-июлундагы № V-1 "Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө" (17.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204796

---

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз (IV–шайланган) V сессиясынын заседаниеси

2013-жылдын 17-июлу № V-1 Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31- беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункутуна, 43-беренесинин 3-жана 4-бөлүктөрүнө негиз Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылды 28-июнундагы №110 токтомуна, ал токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын, шаарлардын мэрлерин жана айыл ъкмът башчыларын шайлоону өткөрүү графигине” жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы №424 токтому менен бекитилип, 2012-жылдын 19-ноябрындагы №142 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндөгү” Жобого ылайык, депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 17-июлундагы Ош облусунун Ноокат шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдору бекитилсин.

2. Ушул токтомдун бир нускасы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы

А. Гафаров
