# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы № 90 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо процесстеринде автоматташтырылган системаларды сыноо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы № 90 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо процесстеринде автоматташтырылган системаларды сыноо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1476/edition/560681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы № 90 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо процесстеринде автоматташтырылган системаларды сыноо жөнүндө" токтому (04.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20479

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-июлу № 90

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо процесстеринде автоматташтырылган системаларды сыноо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” ПЖ № 109 Жарлыгына ылайык шайлоо процессине заманбап техникалык жетишкендиктерди киргизүү, добуш берүү процессин оптимизациялоо, добуштарды эсептөө процессинин ачыктыгын жана контролдугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык белгиленген тартипте добуштарды милдеттүү түрдө эсептөө менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана аппаратынын кызматкерлеринин катышуусу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуштарды эсептөөнүн автоматташтырылган системаларына сыноо жүргүзүлсүн.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
