# Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 132 "Ош шаардык Кеңешинин депутаты Ходжинаби Ишматовдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 132 "Ош шаардык Кеңешинин депутаты Ходжинаби Ишматовдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204770>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16098/edition/482189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204770.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 132 "Ош шаардык Кеңешинин депутаты Ходжинаби Ишматовдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (05.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204770

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезексиз ХI сессиясы (III чакырылыш)

2013-жылдын 5-ноябры № 132 Ош шаардык Кеңешинин депутаты Ходжинаби Ишматовдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (Сурамжылоо жолу менен) “Улуттар биримдиги” фракциясынын лидери Р.Мирзаматовдун 2013-жылдын 1-ноябрындагы кайрылуу катынын, депутат Ходжинаби Ишматовдун 2013-жылдын 25-октябрындагы №163-каза болгондугу жөнүндөгү күбөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесине ылайык депутаттардын Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Улуттар биримдиги” партиясынан Ош шаардык Кеңешине депутат Ходжинаби Ишматовдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Токтом Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы

Т.Сабиров
