# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы № 88 "Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы № 88 "Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1474/edition/560363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы № 88 "Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (04.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20477

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ

2014-жылдын 4-июлу № 88 Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 2-июлундагы № 139-б буйругу менен Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Осмонов К.К. өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 23-июлуна саат 10-00 дайындалсын.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
