# Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 11-октябрындагы № 128 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы XXVIII сессиясында кабыл алынган № 239-«Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 11-октябрындагы № 128 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы XXVIII сессиясында кабыл алынган № 239-«Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204759>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16087/edition/971643/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204759.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 11-октябрындагы № 128 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы XXVIII сессиясында кабыл алынган № 239-«Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (14.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204759

---

Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы №172 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги Х сессиясы (III чакырылыш)

2013-жылдын 11-октябры № 128 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы XXVIII сессиясында кабыл алынган № 239-«Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 17-сентябрындагы № 332-08-6 Ош шаарындагы жүрүгүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысынын тарифин кароо жөнүндөгү катын жана Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №68 корутундусун карап жана талкуулап, шаардык Кеңештин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 27-сентябрындагы отурумунун № 7-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы XXVIII сессиясында кабыл алынган № 239-«Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

-кичи автобустарда - 10 сом; -автобустарда - 8 сом; -троллейбустарда - 6 сом; -мектеп окуучуларына автобустардын бардык түрлөрүндө -1 сом;

2.Ош шаардык муниципалдык менчик мекемесинин автоунааларында (автобустарда, троллейбустарда) төмөндөгү категориядагы жүргүнчүлөр акысыз жүрүүгө укуктуу:

-Жашы боюнча пенсионерлер; -Ош шаарынын Ардактуу атуулдары; -Ош шаарынын аймактык Кеңештеринин жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар соттору; -Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери; -«Ош шейиттери» коомунун мүчөлөрү; -«Ош шамы» гезитинин журналисттери; -Ош шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун медициналык кызматкерлери.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы

Т.Сабиров
