Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарындагы «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын бир жолку жыйымдарынын убактылуу прейскурантын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Ошского городского кенеша от 30 мая 2023 года № 134 "Об утверждении размера сборов муниципальных предприятий «Дирекции центрального рынка мэрии города Ош» и «Авторынок Жапалак»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-05-30.
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №134 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын ош шаардык кеңешинин кезексиз IХ сессиясы (III чакырылыш)
2013-жылдын 4-июлу № 116 Ош шаарындагы «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын бир жолку жыйымдарынын убактылуу прейскурантын бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 18-июнундагы №199/08-6-Ош шаарындагы «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын ишин уюштуруу жана тиешелүү шарттарды түзүү максатында бир жолку жыйымдардын убактылуу прейскурантын бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарындагы «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын бир жолку жыйымдарынын убактылуу прейскуранты бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) Ош шаарындагы «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-январындагы №6-буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы акы алып кызмат кылган базарлардын аймактык Реестрине» киргизүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Т. Сабиров
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июлундагы № 116 кезексиз IХ сессиясынын-токтомуна тиркеме
«Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын бир жолку жыйымдарынын убактылуу прейскуранты (сом менен)
№
Автоунаанын маркасы
Дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин
Ишемби, жекшемби күндөрү
1.
Жүк көтөрүмдүүс 10 тоннадан ашкан
50
100
2.
жүк көтөрүмдүүсү 10 тоннага чейин
40
80
3.
Жүк көтөрүмдүүсү 5 тоннага чейин
30
60
4.
Кичи автобустар
30
60
5.
«Лабо» жана жеңил автоунаалар
20
50
6.
Автотоктомодо автоунаалардын токтоп туруусу
Күн сайын 20 сомдон
7.
Коомдук тамактануу ишканалары 1 чарчы метр
50 сомдон ар ай сайын
8.
Сооданын башка түрлөрү\
30 сомдон ар соода кылган күн үчүн
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин башкы адиси
С. Маматалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.