Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги VIII Сессиясы (III чакырылыш)
2013-жылдын 4-июну № 105 Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жөнүндө Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Н.Сабированын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Д.Төлөновдун Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жөнүндөгү маалыматтарын угуп жана талкуулап, аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2013-жылдын 6-майындагы отурумунун №2-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Н.Сабированын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Д.Төлөновдун Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жөнүндөгү маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):
- Ош шаарынын аймагында катталган жана катталбай жашап жүргөн республикабыздын башка облус, район, шаарларынан жана башка өлкөлөрдөн көчүп келип, туруктуу отурукташып калган жарандардын санын тактоо максатында шаардагы аймактык кеңештерге сурамжьшоо жүргүзүүнү тапшырып, алардан ар квартал сайын маалымат алып, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментине билдирип турууну камсыз кылуу;
- «Кайрылман» макамы ыйгарылган кыргыз улутундагы чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-ноябрындагы №175 «Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамында көрсөтүлгөн укуктардан толук пайдалануусун камсыздоону көзөмөлдөө;
- мамлекеттик, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы тышкы миграция департамента менен биргеликте ОДКБ (жамааттык коопсуздукту уюштуруу келишими) форматында иштелип чыккан бирдиктүү ыкчам-профилактикалык иш-чаралардын планына ылайык, чет өлкөлүк жарандардын күчүн пайдаланууга жана аларды шаарыбыздын экономикасын көтөрүү максатында тартууга уруксат кагаздарын алган юридикалык жактардын, Ош шаарында иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар тарабынан миграция мыйзамдарын сактоо жана адам сатуу фактыларын жоюу боюнча текшерүү иш чараларынын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
Аткарылган иштер боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешине ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы менен маалымат берилип турсун.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Сабирова) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
Т. Сабиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөЗакон · 26.11.2007 · № 175