Корул айылдык кеңешинин 2013-жылдын 26 мартындагы №4/1 «Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө жана эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Маматумаров Жумаалынын билдирүүсүн угуп, талкуулап» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын 4 заседаниеси
2013-жылдын 26 марты №4/1 Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө жана эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Маматумаров Жумаалынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Корул айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери канаааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 «2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө» токтомун Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 3-августундагы № 43 токтому жетекчиликке жана аткарууга алуу, калкты социалдык жактан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу, камкордуксуз балдарга, улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери К.Жапаровага милдеттендирилсин.
3. Жарандардын жалпыга бирдей милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматтары жөнүндө мыйзамынын негизинде райондук чакырууга жарандарды өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу жагы ВУС кызматкерлери А.Маматовго, Т.Тайгараевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Маматумаровго тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы
Т. Маназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы №755 "2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2011 · № 755 · Күчүн жоготкон