# КР Президентинин 2001-жылдын 31-январындагы ПУ № 46 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2001-жылдын 31-январындагы ПУ № 46 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2046>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-33/edition/552617/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2046.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2001-жылдын 31-январындагы ПУ № 46 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (16.11.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2046

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 559 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2001-жылдын 31-январы ПУ № 46 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы 21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндөгү" Указынын 3-пунктунун 2-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы - Ибраимов Осмонакун Ибраимович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагалыгына бекитилсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы 268 "2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндөгү" Указынын 4-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улттук комиссиянын төрагасы бир айлык мөөнөттө комиссиянын курамы боюнча сунуш киргизсин.

4. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
