# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 43 "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасын которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 43 "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасын которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20448>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1446/edition/530409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20448.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 43 "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасын которуу жөнүндө" токтому (27.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20448

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-марты № 43

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасын которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-мартындагы № 26 токтому менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 14-мартына дайындалган, бирок шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер жоктугуна байланыштуу шайлоо болбой калган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, ошондой эле «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 14-мартына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2013-жылдын 10-апрелине которулсун.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
