# Санташ айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 28-сентябрындагы № 8 "Санташ айыл аймагында жер салыгынын мүлктүн 1. 2. 3. топторуна жана аймактык коэфицент Кз бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Санташ айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 28-сентябрындагы № 8 "Санташ айыл аймагында жер салыгынын мүлктүн 1. 2. 3. топторуна жана аймактык коэфицент Кз бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15801/edition/492445/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Санташ айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 28-сентябрындагы № 8 "Санташ айыл аймагында жер салыгынын мүлктүн 1. 2. 3. топторуна жана аймактык коэфицент Кз бекитүү жөнүндө" токтому (28.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204470

---

САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-сентябры № 8 Санташ айыл аймагында жер салыгынын мүлктүн 1. 2. 3. топторуна жана аймактык коэфицент Кз бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы № 231 мыйзамынын 3 статьясынан 3 пунктунун негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн салык төлөмдөрүн төлөөнү жогорулатуу максатында айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Санташ айыл аймагында төмөнкү түрдөгү салык түрлөрү өндүрүлсүн

-Айыл чарба багытындагы жерлерге, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, үй чарбасынын жүргүзүүгө арналган жерлерге; -1.2.3 топтордогу мүлктүн түрлөрүнө карата салык; -Аймактык Кз коэфиценти жеке ишмердик алып барууга Кз = 1,2, башкалары 1,0 барабар болсун. -Жер салыгынын үй чарбасын жүргүзүүгө арналган жерлер Кз = 1,0.

2. Салык көлөмү төмөнкүчө бекитилсин

-1.2.3. топтордогу мүлккө болгон салык көлөмүн жана жер салыгынын көлөмүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде.

3. Токтом укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик ресстирине кошуу үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармачылыгынан каттоо өтүүгө тийиш.

4. Токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

5. Токтомудун аткарлышын көзөмөл кылуу айыл өкмөт башчысы Тыналиев И. Ж. жүктөлсүн.

Санташ айылдык кеӊешинин төрагасы

Н.У. Чынтурова
