# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20447>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1445/edition/530363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20447.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20447

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-марты № 42

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтому менен Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп табылган, тиешелүү түрдө Ново-Павловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилген эмес. Бирок, 2012-жылдын 19-декабрында “Эркин Тоо” газетасында жарыяланган жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун № 2 тиркемесинде Чүй облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын тизмесине Сокулук районундагы Ново-Павловка айылдык кеңеши туура эмес киргизилген. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1-, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 токтомунун № 2 тиркемесинде Чүй облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын тизмесинен Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылдык кеңешинин 1,5,6 шайлоо округдары алып салынсын.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
