# Чоң-Таш айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 15-августундагы № 4 "Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чоң-Таш айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 15-августундагы № 4 "Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15788/edition/485111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чоң-Таш айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 15-августундагы № 4 "Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө" токтому (15.08.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204457

---

ЧОҢ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чоң-Таш айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын X сессиясы

2013-жылдын 15-августу № 4 Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренөсинин 4-бөлүмүнүн талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында " Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө" талкуулап Чоң-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан төмөндөгү салыктын түрлөрү киргизилсин:

-Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы; -Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди пайдатангандыгы үчүн жер салыгы : -айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жана чарба жанындагы жана бак-огород жер- леринин тилкелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы ; -1,2,3 топогу мулк салыгы.

2. Калктуу пункттардын экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициент төмөндөгүдей болуп бекитилсин:

-Айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жанындагы, чарбак жанындагы жана бак-огород жерлеринин тилкелерин пайдалангандар үчүн Кз-1,0 коэффициент; -Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди пайдалангандар үчүн ишкерлик менен алектенген ишканалар үчүн (дүкөн, пилорама, ЖАК «Сут-Булак» Кз -1.2 коэффициент: Кашар, складтарга Кз -1,0

3. Жер салыгынын, мүлк салыгынын 1.2.3-топторунун эсептелиниши жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Респубпикасынын салык Кодексине ылайыктуу аныкталсын жана коэфициенти Кз-1,0 деп кабыл алынсын.

4. Акыр-чикир чыгаруу жыйыны :

-Ар бир туруктуу жашоочуга жана айыл аймагындагы мекеме ишканалардын ар бир кызматкерлерине 5 сомдон бекитилсин;

5. Нормативдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилиши үчүн каттоого токтом Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Токтом юстиция башкармалыгы тарабынан катталгандан кийин 2014-жыддын 1-январынан баштан күчүне кирип айыл аймагынын аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштан колдонулууга киргизилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы социалдык экономикалык өнүктүрүү, бюджетти пландоо социалдык коргоо жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Чоң-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы

А.Н. Джапаев
