# Каракол шаардык кеңешинин 2013 жылдын 12 ноябрындагы № 26-17/4 "Каракол шаарынын административтик аймагына жер салыгын жана 1.2.3 тайпадагы объектилери боюнча мүлк салыгын киргизүү жана К3 зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каракол шаардык кеңешинин 2013 жылдын 12 ноябрындагы № 26-17/4 "Каракол шаарынын административтик аймагына жер салыгын жана 1.2.3 тайпадагы объектилери боюнча мүлк салыгын киргизүү жана К3 зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26-17/4
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204450>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15781/edition/483342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204450.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каракол шаардык кеңешинин 2013 жылдын 12 ноябрындагы № 26-17/4 "Каракол шаарынын административтик аймагына жер салыгын жана 1.2.3 тайпадагы объектилери боюнча мүлк салыгын киргизүү жана К3 зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (12.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204450

---

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013 жылдын 12 ноябры № 26-17/4 Каракол шаарынын административтик аймагына жер салыгын жана 1.2.3 тайпадагы объектилери боюнча мүлк салыгын киргизүү жана К3 зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Мамлекеттик салык кызматына Каракол шаары боюнча башкармалыгынын башчысы М.Молдобековтун маалыматын угуп жана талкуулап, КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин аракетке киргизүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы №231 Мыйзамынын №3 беренесинин 3 пунктун аткаруу максатында, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетине киреше бөлүгүнө салыгын сактоо жана көбөйтүү максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча (К.И.Алымбаев) туруктуу комиссиясынын корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1 январын тартып, Каракол шаарынын административтик аймагына салыктын төмөнкү түрлөрү киргизилсин:

- айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу үчүн, үйлөрдүн жанындагы, короолордун жанындагы жана бак, огород жер тилкелерин пайдалануу үчүн төлөнүүчү салык;

- 1.2.3 тайпадагы объектилери боюнча мүлк салыгы;

2. Айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн К3 зоналдык коэфициентинин өлчөмдөрү төмөнкү тартипте бекитилсин:

- айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн;

а) 1 зона – 1.2 (Пржевальский, Кутманалиев, Карасаев, Шапак батыр атындагы көчөлөрү менен чектелген аймак);

б) 2 зона – 1.0 (Пржевальский, Кутманалиев, Карасаев, Шапак батыр атындагы көчөлөрдүн сыртындагы аймак);

в) 2 зонада жайгашкан май куючу бекеттер, базарлар, кичи- базарлар үчүн -1.2,

- үйлөрдүн жанындагы , короо жанындагы жана бак, огород жер тилкелери үчүн-1.0.

3. Салыктардын эсептөө тартиби төмөнкүдөй бекилсин:

- 1.2.3 тайпадагы объектилердин мүлк салыгы жана айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу үчүн, үйлөрдүн жанындагы, короо жанындагы жана бак, огород жер тилкелери пайдалануу үчүн салыгын эсептөө, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн. Токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.

5. Бул токтом 01.01.2014 ж.тартып күчүнө кирет.

6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланууга тийиш.

7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу экономика, каржы, сода, өнөр жай, инвестиция жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комссиясына (К.И.Алымбаев ) жана Каракол шаары боюнча мамлекеттик салык башкармалыгына (М.Молдобеков) жүктөлсүн.

Төрага

У.Турсунбаев
