# Балыкчы шаардык кеңешинин 2013-жылдын 20-ноябрындагы № 1 "Балыкчы шаарынын административдик аймагына жер салыгын айыл чарба багытындагы эмес жерлердин жана мүлк салыгынын 1,2,3,4-топторун киргизүү жана аймактык коэффициентти бекитүү боюнча" токтому

- Толук аталышы: Балыкчы шаардык кеңешинин 2013-жылдын 20-ноябрындагы № 1 "Балыкчы шаарынын административдик аймагына жер салыгын айыл чарба багытындагы эмес жерлердин жана мүлк салыгынын 1,2,3,4-топторун киргизүү жана аймактык коэффициентти бекитүү боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204448>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15779/edition/484551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204448.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балыкчы шаардык кеңешинин 2013-жылдын 20-ноябрындагы № 1 "Балыкчы шаарынын административдик аймагына жер салыгын айыл чарба багытындагы эмес жерлердин жана мүлк салыгынын 1,2,3,4-топторун киргизүү жана аймактык коэффициентти бекитүү боюнча" токтому (20.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204448

---

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Балыкчы шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын XV сессиясы

2013-жылдын 20-ноябры № 1 Балыкчы шаарынын административдик аймагына жер салыгын айыл чарба багытындагы эмес жерлердин жана мүлк салыгынын 1,2,3,4-топторун киргизүү жана аймактык коэффициентти бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү» жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун ишке ашыруу жана Балыкчы шаардык жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында, Мамлекеттик салык кызматынын Балыкчы шаары боюнча башкармалыгын сунушун карап талкуулап Балыкчы шаардык Кенеши кылат: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014- жылдын 1-январынан тартып Балыкчы шаарынын административтик аймагына төмөнкү салыктар киргизилсин

-үйдүн жанындагы жерлер, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыктары үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыктары үчүн жер салыгын,

- мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобун.

2. Салык салынуучу наркын аныктоо тартиби:

- мүлк объектисинин 1,2,3,4 топтору үчүн Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 323-333- беренелерине чейин колдонулсун.

- жер салыгы үчүн Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 334чү беренесинен баштап 343чү беренесине чейин колдонулсун.

3. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктучасына ылайык Балыкчы шаарынын аймагындагы жер салыгынын жана мүлк салыгынын эсептелишине аймактык коэффициентин өлчөмүн 1,0 ге барабар деп бекитилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областык Адилет башкармалыгынан, каттоодон өтүп, мамлекеттик нормативдик укуктук актылар тизмесине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Токтом жергиликтүү «Балыкчы» гезитине жарыялансын.

6. Мамалекетик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргагдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.

7. Токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-ж. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин аракетке киргизүү» жөнүндө мыйзамына ылайык 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизилсин.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мамлекеттик салык кызматынын Балыкчы шаары боюнча башкармалыгына милдеттендирилсин.

Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы

А. Смадияров
