# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 56 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 56 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1437/edition/528969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 56 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (08.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20439

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 8-апрели № 56

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” 2014-жылдын 12-апрелинде ПЖ №65 Жарлыгынын 2,3-пункттарына ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12–пункттарын, 25-беренесиндеги 2,3,6,7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 18-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 1 224 500 (бир миллион эки жуз жыйырма төрт миң беш жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы финансылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн

Төрага

Т. Абдраимов
