# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1426/edition/821286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу" (07.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20426

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-марты № 43

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Көңүл буруңуздар! КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 28-июлундагы № 133 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту. КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 140 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.

Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде аталган талапкерлер бул токтом жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 токтомунун 1-тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттары

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары

1

Жалал-Абад шаардык кеңеши

Арапбаев Мухтар Абдуллажанович

Мэр болуп шайланган

№ 152, 15.12.2012

2

Джусупбеков Болот Джаныбекович

Өз арызынын негизинде

№ 152, 15.12.2012

3

Юнусов Бахтияр Камчиевич

Өз арызынын негизинде

№ 152, 15.12.2012

Ош облусу

Ноокат району

4

Кыргыз Ата

Марипов Бакытбек Асамидинович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 155, 15.12.2012

Кара-Суу району

5

Мады

Олжобаев Уланбек Муркамилович

Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу

№ 155, 15.12.2012

Кара-Кулжа району

6

Кара-Кулжа

Кадырбердиев Маматурайым

Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу

№ 155, 15.12.2012

Талас облусу

Кара-Буура району

7

Бакайыр

Байдовлетов Басылбек Нукенович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 156, 15.12.2012

Нарын облусу

Ат-Башы району

8

Ат-Башы

Дүйшеев Жаныбек Мамбетжумаевич

Өз арызынын негизинде

№ 154, 15.12.2012

Ысык-Көл облусу

Тоң району

9

Күн-Чыгыш

Мамбетказиев Айбек Жусуевич

Каза болгонуна байланыштуу

№ 153, 15.12.2012

10

Ак-Терек

Эсенгул уулу Улан

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 153, 15.12.2012

11

Тоң

Бектурганова Гульмира Эсенгуловна

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 153, 15.12.2012

Чүй облусу

Сокулук району

12

Крупский атындагы

Месиза Юнус Исмазович

Өз арызынын негизинде

№ 157, 15.12.2012

Жайыл району

13

Кара-Балта шаары

Ниязова Анаркул Кулназаровна

Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу

№ 157, 15.12.2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 токтомунун 2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары

1

Жалал-Абад шаардык кеңеши

Үсенов Кеңешбек Жумабекович

Проректор, ЖМУ

№ 4, 20.02.2012

2

Жусупов Эмильбек Балтабаевич

Иштебейт

№ 6, 20.09.2013

3

Ибрагимов Сироджидин Инабидинович

Иштебейт

№ 6, 15.11.2013

Ош облусу

Ноокат району

4

Кыргыз Ата

Учукеев Нурлан Бакирович

Дарыгер

№ 2, 19.02.2014

Кара-Суу району

5

Мады

Авазов Жаныбек Саттарович

Госрегистр, инспектор

№ 25, 03.03.2014

Кара-Кулжа району

6

Кара-Кулжа

Кадырова Нурайым Шеркуловна

Мугалим

№ 4, 28.02.2014

Талас облусу

Кара-Буура району

7

Бакайыр

Тургуналиев Суютбек Козубекович

Иштебейт

№ 4, 27.01.2014

Нарын облусу

Ат-Башы

8

Ат-Башы

Койчуманов Көлбай Тентиевич

Пенсионер

№ 5, 18.02.2014

Ысык-Көл облусу

Тоң району

9

Күн-Чыгыш

Муратбек уулу Дулат

Иштебейт

№ 1, 19.10.2013

10

Ак-Терек

Абдыкапар уулу Рустам

Иштебейт

№ 3, 25.02.2013

11

Тоң

Токтосунова Гулжан Бектургановна

Госрегистр, жер адиси

№ 4, 25.02.2013

Чүй облусу

Сокулук району

12

Крупский атындагы

Абдрахманов Асылбек Азымкулович

Иштебейт

№ 134, 14.02.2014

Жайыл району

13

Кара-Балта шаары

Курманалиев Бактыбек Усеинович

Аламүдүн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы

№ 10, 28.02.2014
