# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 40 "Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосунун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жана шайлоо датасын белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 40 "Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосунун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жана шайлоо датасын белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20423>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1423/edition/515355/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20423.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 40 "Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосунун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жана шайлоо датасын белгилөө жөнүндө" токтому (04.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20423

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-марты № 40

Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосунун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жана шайлоо датасын белгилөө жөнүндө

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоодо Баткен аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 48-беренесине ылайык келбеген талапкерди каттаган жана ошол талапкер шайлоонун жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна, 18-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48, 49-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2014-жылдын 19-февралындагы протокол жокко чыгарылсын.

2. Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 20-мартына дайындалсын.

3. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
