Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2014-жылдын 7-, 19-, 26-февралында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-марты № 39
2014-жылдын 7-, 19-, 26-февралында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2014-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 11 токтому менен дайындалган Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Милянфан, 2014-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 31-январындагы № 14 токтому менен дайындалган Чүй облусундагы Сокулук районунун Ново-Павловка, Аламүдүн районунун Васильевка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү, 2014-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 12-январындагы № 22 токтому менен дайындалган Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин, Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлдү. Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2014-жылдын 7-, 19-, 26-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын (1-тиркеме).
2.Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.
3. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (2-тиркеме).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган шаардын мэрине жана айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 39 токтомунун 1-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы
Шайлоо өткөрүлгөн күнү
Чүй облусу
Ысык-Ата району
1
Милянфан
7.02.2014
Сокулук району
2
Ново-Павловка
19.02.2014
Аламүдүн району
3
Васильевка
19.02.2014
Баткен облусу
Кадамжай району
4
Кадамжай шаары
26.02.2014
Ысык-Көл облусу
Жети-Өгүз району
5
Саруу
26.02.2014
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 39 токтомунун 2-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
Шайлоо өткөрүлгөн күнү
Чүй облусу
Ысык-Ата району
1
Милянфан
Мусарова Зульфия Нурвундиновна
7.02.2014
Сокулук району
2
Ново-Павловка
Садалиев Улан Шейшенбекович
19.02.2014
Аламүдүн району
3
Васильевка
Бакаев Капарбек
19.02.2014
Баткен облусу
Кадамжай району
4
Кадамжай шаары
Камбаров Толкунжан Метинович
26.02.2014
Ысык-Көл облусу
Жети-Өгүз району
5
Саруу
Асаналиев Турар Калыкович
26.02.2014
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 11 "2013-жылдын 21-ноябрында өткөн Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш…Постановление · 20.01.2014 · № 11
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 31-январындагы № 14 "Чүй облусундагы Сокулук районунун Ново-Павловка, Аламүдүн районунун Васильевка…Постановление · 31.01.2014 · № 14
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы 2014-жылдын 12-февралындагы № 22 " Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын мэрин, Ысык-Көл облусундагы…Постановление · 12.02.2014 · № 22
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон