# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 34 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Исаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 34 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Исаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1417/edition/516460/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 34 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Исаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө " токтому (04.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20417

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-марты № 34 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Исаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалгандыгы жөнүндө 2014-жылдын 19-февралындагы № 75 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесиндеги 3-бөлүктүн 3-пунктка, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесиндеги 4-бөлүктүн 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункттуна, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Республика" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Исаев Канатбек Кедейкановичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исаев Канатбек Кедейкановичтин № 084 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
