Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2014-жылдын 13-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округунун схемасын жана чек арасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 20-февралы № 31
2014-жылдын 13-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округунун схемасын жана чек арасын бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад облусундагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 9-2-чечиминин негизинде шайлоо округунун схемасы жана чек арасы боюнча сунушуна жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 13-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча Токтогул администрациялык аймактык бирдиктин аймагынын чегинде Токтогул бирдиктүү шайлоо округу бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62