Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарын шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын сандык курамын бекитүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги II сессиясы
2013-жылдын 13-февралы №4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын сандык курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 « Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттаы жөнүндө» типтүү Жобону бикитүү тууралуу токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүнүн тартиби жөнүндөгү» Жоболоруна ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерин берүү маселелерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында, Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы депутаттары жаңы шайлангандыгына байланыштуу, Нарын шаардык мэриясынын 12.02.2013-жылдагы № 03М32 сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарындагы жер тилкелерин берүү маселелерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө, Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосуна ылайык Нарын шаардык мэриясынын алдындагы жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун жана муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын 13 адамдан турган сандык курамы бекитилсин. (курамы тиркелет).
2. Нарын шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин ижарага, сатууга жана жеке менчик турак жай курууга берүүдө Жобого ылайык иш алып баруу түзүлгөн комиссиянын төрагасына жана курамына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин алдындагы
« Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясына, шаардык мэриянын биринчи вице-мэри А.Сурановго, шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага
Э. Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММДне, шаардык архитектурага, жерге жайгаштыруу башкармалыгына Каттоо № 2013-4
Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы II сессиясынын №4 токтомуна тиркеме
Курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясынын КУРАМЫ
1. Комиссиянын төрагасы-l (Нарын шаардык мэриясынын биринчи вице мэри)
2. Комиссиянын төрагасынын орун басарлары-2
· Биринчи орун басары (шаардык архитектура башкармалыгынан)
· Экинчи орун басары (Шаардык ММДнен)
Комиссиянын мүчөлөрү
3. Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынан- 6
· Сыдыгалиев Максат Кумарбекович — «СДПК» фракциясынан
· Жаанбаев Улан Жунусович — «Республика» фракциясынан
· Молдосалиев Автандил Жыргалбаевич — «Ата-Мекен» фракциясынан
· Адиев Рахат Нурдинович — «Акшумкар» фракциясынан
· Максуталиев Нурлан Кубатович- «Мекен ынтымагы» фракциясынан
· Турусбаев Таалайбек Шаарбекович - «Замандаш» фракциясынан
4. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан -1
5. Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинен-1
6. Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардан -1
· Жаманова Асыл Окошовна
7. Комиссиянын катчысы-1 (шаардык ММДнин адиси)
Баардыгы: 13 адам
Кеңеш берүүчү укугу менен
1. Нарын шаардык суу канал ишканасынын өкүлү-1
2. Нарын шаардык өрткө каршы кызматынын өкүлү-1
3. Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү-1
4. Нарын шаардык жылуулук берүү ишканасынын өкүлү-1
5. Нарын шаардык электр тармактар ишканасынынын өкүлү-1
6. Нарын облустук Кыргыз Телеком ААКнун өкүлү-1
7. Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
Нарын шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
А.Абдыкеримов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.05.2005 · № 177
- Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571…Типовое положение · 23.09.2011 · № 571
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы N 177 токтому менен бекитилген) "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 06.05.2005 · № 177
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон