# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР 2014-жылдын 12-февралындагы № 25 "2014-жылдын 7-февралында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчыcын – Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР 2014-жылдын 12-февралындагы № 25 "2014-жылдын 7-февралында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчыcын – Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20408>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1408/edition/504269/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20408.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР 2014-жылдын 12-февралындагы № 25 "2014-жылдын 7-февралында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчыcын – Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (12.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20408

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 12-февралы № 25

2014-жылдын 7-февралында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчыcын – Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2014-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 7 токтому менен дайындалган Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Аталган аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 07-февралындагы Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Улакбаев Адамата Искендерович Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
