# Нарын шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №3 "Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №3 "Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15525/edition/464854/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №3 "Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому (28.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204047

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги I сессиясы

2012-жылдын 28-декабры №3 Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесине жана Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXV чакырылышындагы XXV сессияссынын №1 токтому менен кабыл алынган Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык «Нарын келечеги» фракциялардын коалициясынан жана «Мекен ынтымагы» саясий партиясынын сунушунун негизинде, ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы

1-орун басары болуп «Нарын келечеги» фракциялардын коалициясынан шайланган депутат Адиев Рахат Адиевич шайланды.

2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп «Мекен ынтымагы» саясий партиясынан шайланган депутат Сырдыбаева Сыяпат Саадабаевна шайланды.

Төрага

Э.Турсуналиев

каттоо №2013-11
